3-ноябрында мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.
Жыйындын күн тартибине 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселелер коюлган.