Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:56

Футбол: Кыргызстандын чемпиону мөөнөтүнөн мурда аныкталды


Футбол боюнча Кыргызстан биринчилигинин жыйынтыгы мөөнөтүнөн мурда чыкты. 1-ноябрда өткөн оюнда бишкектик “Дордой” командасы “Алай” командасын 1:0 эсебинде утуп, ири упай артыкчылыгы менен мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол боюнча Топ-лиганын маалымат катчысы Базарбек Абдураимов билдирди.

Буга чейин «Дордой» 2004-жылдан 2009-жылга чейин катары менен жана 2011, 2012-жылдары алтын медал ээси болгон.

"Дордой" 48 упай менен суурулуп чыкса, кийинки орунда 40 упай менен "Абдыш-Ата", 35 упай менен “Алга” командасы келатат.

Чемпионат 5-ноябрда жыйынтыкталып, калган орундар аныкталат. (МТо)

XS
SM
MD
LG