Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Кыргызстан оң рулдуу машинени алып кирүүгө тыюу салышы мүмкүн


Оң рулдуу автоунаа.
Оң рулдуу автоунаа.

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси кайрадан козголду. Жыйын соңунда Жол кыймылы жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүү долбоору биринчи окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Кыргызстанда акыркы беш жылда оң рулдуу автоунаалардын саны 36 пайызга өскөн. Өлкө аймагында 991 миң 888 автомашина катталса, анын ичинде 127 миң 383 оң рулдуу автоунаа. 2013-жылы оң рулдуу автоунаалардын катышуусунда 1472 кырсык катталып, жалпы кырсыктын 21,4 пайызын түзгөн.

Буга чейин 2016-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларга коммерциялык багытта жүргүнчү ташууга тыюу салынган. Парламент бул мыйзамды 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG