Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Сауд Арабияда шииттерге жасалган чабуулдан беш адам өлдү


Беткапчан куралдуу адамдардын кол салуусунан дагы тогуз адам жарадар болду. Сауди Пресс агенттигинин полицияга шилтеп маалымдашынча, кандуу окуя 3-ноябрда шамга жуук өлкө чыгышындагы шиит калктуу ал-Далуа кыштагында болду. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, динзарлар шииттердин ибадат кылчу жайдан үйлөрүнө кетип баратканда автоматтык куралдардан жана тапанчадан ок атылган. Бул күндөрү шииттер Ашура майрамын же Мухаммед пайгамбардын небереси Имам Хусейндин өлгөнүн белгилешүүдө. Сунни калктуу Сауд Арабиянын кара майга бай чыгышында 2 миллион шиит жашайт.

XS
SM
MD
LG