Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Казакстанда оор атлетика боюнча дүйнө чемпиондугу башталат


Дүйнө чемпионатына кыргызстандык оор атлетчилер да катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мелдештер 8-16- ноябрда Алматыда өтүп, 15 топтом медал ойнотулат. Башкы машыктыруучу Үсөн Майназаровдун жетекчилигинде өлкө намысын коргоого Жаңыл Окоева, Сыргак Абдраманов, Бекзат Осмоналиев, Изат Артыков, Айдар Мамадраимов аттанууда.

Кыргызстандан калыстар тобунун катарына Өмүржан Молдодосов кошулган.

Дүйнө чемпиондугунда алдыңкы орундарды ээлеген оор атлетчилерге 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган жайкы олимпиада оюндарына жолдомо берилет. (Ech/TSh)

XS
SM
MD
LG