Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Каталонияда көз карандысыздык референдуму өтүүдө


9-ноябрда Испаниянын Каталония аймагында расмий Мадриддин каршылыгына карабай чөлкөмдүн төбөлсүздүгү боюнча референдум өтүүдө. Референдумдун жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ болбойт. Бирок аны жактагандардын эсебинде, эгер көз карандысыздыкты көпчүлүк колдосо, мындай жагдай Мадриддеги борбордук бийлик менен сүйлөшүүлөргө барууга жана аймактын келечекте Испаниядан ажыроосуна түрткү берет.

Сурамжылоолого ылайык, аймактын калкынын 80% Испаниядан автономия болуп бөлүнүп чыгууну каалашат, алардын жарымынан көбү кийин толугу менен көз карандысыз мамлекетке айланууну көздөшөт.

Каталония Испаниянын түндүк батышында жайгашкан, экономикалык жактан өнүккөн аймак. Саны жети жарым миллионго жеткен каталониялыктардын маданияты жана тили Испаниянын башка бөлүктөрүндөгү калктардан кыйла айырмаланып турат

XS
SM
MD
LG