Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Сирияга Баткен облусунан 34 киши кеткен


Алардын ичинен сегизи ошол жакта набыт болгон. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Сирияга согушка кеткендердин арасында аялдар да бар. Аларды мурдараак кеткен күйөөлөрү чакырткан. Сирияга барып, кайра үйүнө кайтып келгендер да бар экени айтылууда, бирок так маалымат жок.

Облустан Сирияга согушка кеткендердин басымдуу бөлүгү Кызыл-Кыя шаарынын тургундары, негизинен 20 жаштан 40 жашка чейинкилер.

Облустук күч кызматтары тургундарды Сирияга барбоого үндөп, бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча акыркы эки жылда Кыргызстандан Сирияга кеткен жарандардын саны 150гө чукул. (JsA;ZKo)

XS
SM
MD
LG