Парламенттеги “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов “Ак Ниет” деген жаңы саясый партия түптөдү. Анын айтымында аталган партиянын курамын буга чейин саясатка аралашпаган жаштар толуктайт.
Бекешов 2015-жылкы парламенттик шайлоого чейин “Ар-Намыс” партиясынын катарында каларын кошумчалады.
Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 200гө жакын саясый партия бар. (UEz)