Бүгүн Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн кызматташтыгы эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда талкууланды. Кыргыз президентинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаев менен Гурбангулы Бердымухамедовдун жолугушуусу Огузхан атындагы ордодо өттү.
Эки өлкөнүн башчылары соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык багытта мамилени бекемдөө тууралуу сүйлөштү. Борбор Азияда жана жалпы дүйнөдө коопсуздукту камсыз кылуу жаатында да маселелер талкууланды.
Алмазбек Атамбаев Ашхабадга расмий сапар менен кечээ барган. (RK)