Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Украина: Донецк аэропортун аткылоо уланууда


12-ноябрдын таңында Украинанын чыгышындагы Донецк аэропортун согушкерлер бир нече жолу аткылашкан. Антитеррордук операциялар штабынан билдиришкендей, аткылоодо бир аскер кызматкери жараат алган. Учурда ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. "Ассошиейтед пресс" агенттигинин журналисти Донецк шаарынан алыс эмес, аэропорт жакта жарылуулар угулуп жатканын билдирди. Азыр аэропорт украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

Украинанын чыгышында урушуп жаткан тараптар ок атышпоо жөнүндө макулдашканы менен Донецк шаарынын айланасында салгылашуу уланууда. БУУнун маалыматына ылайык, өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилер ок атышпоо келишимине жетишкен 5-сентябрдан бери кеминде 350гө жакын киши набыт кетти.

11-ноябрда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинанын чыгышында аткылоолор уланып жатканын белгилеп, зомбулукту кыскартууга чакырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG