Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Кулматов курулушка чектөө коюуга макул эмес


Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун баштоого убактылуу чектөө коюу шаар бюджетине чоң сокку болот. Мындай пикирин Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов “Азаттыкка” билдирди.

- Шаар бюджетинин көбүн курулуш ишканаларынан түшкөн жыйымдар толтурат. Эгер курулуш баштоого тыюу салынса бюджетибиз толбой калат, - деди Кулматов.

Кечээ Бишкектин башкы архитектурасы прокуратуранын токтому менен шаардын борбордук бөлүгүнө көп кабаттуу курулуш баштоого уруксат берүү убактылуу токтотулганын билдирген.

Бишкекте учурда миңге жакын курулуш жүрүп жатса, анын 150гө жакыны эрежеге жооп бербейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG