Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Грузин президенти депутаттарды биримдикке чакырды


Георги Маргвелашвили жума күнү парламентте сүйлөп жатып өлкө саясий кризисте турганын белгиледи жана депутаттарды “Европа багытын көздөй” биригүүгө үндөдү:

- Жаңы жетекчиликтин демократиялык стандарттары мурдагы өкмөттүкүнөн кыйла бийик. Бирок институционалдык башкаруунун европалык стили биз үчүн али көйгөй бойдон калып жатат. Европалык стилде мамлекет куруу үчүн биздин биргелешкен аракеттер зарылдыгын түшүнүүбүз керек.

Президент Георги Маргвелашвили сөзүндө өкмөттөн Еврошаркет жана НАТО менен интеграция үчүн жоопкер үч министрдин кызматтан кетиши Грузиянын келечеги боюнча өлкө ичинде жана четте суроолорду жаратканын кошумчалады.

Жакында грузин премьер-министри Гарибашвили коргоо министри Ираклий Аласанияны кызматтан алганда, буга нааразылык иретиде тышкы иштер министри Маяа Панжикидзе, Европа жана евро-атлантикалык интеграция боюнча министр Алекси Петриашвили кызматтан чегинген. (UE)

XS
SM
MD
LG