Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Украинанын чыгышында 6 аскер жана 3 полиция кызматкери каза болгону кабарланууда


Украин аскерлери
Украин аскерлери

Бул тууралуу Украин коопсуздук кызматынан билдиришти. Маалыматта Луганск облусунун Макаров айылына жакын жерде күзөттө жүргөн жеринде полиция кызматкерлери аткылоого туш болуп, үчөө каза таап, бешөө жаракат алганы айтылат. Расмий Киев Донбасста дагы алты украин аскери каза таап, жикчилдер тараптан 23 адам жан таслим болгонун кошумчалады.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча өкүлчүлүгү 17-ноябрда Брюсселде өтө турган талкууда акыркы мезгилде Украина чыгышында каза болуп же жаракат алгандардын саны өскөнүн талкууга алаарын билдирди.

Украин президенти Петро Порошенко 17-ноябрдагы интервьюсунда “мамлекетте тынчтык орнотуу үчүн Украина жалпы согушка даяр” деп айткан. 5-сентябрда тынчтык келишимине кол коюлганы менен атышуулар уланып жатат.

Украинанын чыгышында өкмөт аскерлери менен орусиячыл жикчилдер ортосундагы конфликтте 4000дей адам набыт болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG