Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Москвага Ким Чен Ындын атайын өкүлү келди


Расмий маалыматта Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын өкүлү Цой Рён Хэ Москвада эки тараптуу экономикалык кызматташтык, Корея жарым аралындагы абал тууралуу жолугушууларды өткөрөт деп жазылат. Пхеньяндын бул кадамы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы өнөктөштүктү бекемдөө катары кабыл алынууда.

Резолюцияга ылайык, Түндүк Кореянын жетекчилигин адамзатка каршы кылмышка күнөөлөп, сот жообуна тартуу каралган.

Пхеньяндан келген расмий конок Цой Рён Хэ Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга эң жакын жогорку даражадагы кызматкер экени айтылып жүрөт. Хэнин визити сегиз күнгө созулмакчы. 18-ноябрда ал президент Путин менен 20-ноябрда тышкы иштер министри Лавров менен жолугаары маалым болду.

XS
SM
MD
LG