Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Ким: Бийлик “ВБны” өз көзөмөлүнө алууну көздөөдө


Бул тууралуу аталган басылманын кожоюну Александр Ким бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 10-ноябрда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү басылманын 48 пайыздык акциясын камакка алуу токтомун чыгарды. Ким мындай жол менен бийлик басылманы көзөмөлгө алууга аракет кылып жатканын билдирип, муну токтотууга чакырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Анын негизинде Башкы прокуратура аталган фирмага таандык делген басылманын 48 пайыздык акциясын камакка алган.

Буга чейин “Вечерний Бишкектин” жетекчилиги аталган басылманы бийлик рейдерлик жол менен басып алууга аракет кылып жатканын, бул иштин артында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов турарын айтып чыккан. Ниязов болсо бул дооматты четке кагып келет. (BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG