Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Керри Ирандын ядролук программасы боюнча талкууларга кошулат


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри
АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Ирандын ядролук программасы боюнча Венада башталган талкууларга бүгүн кошула турган болду. Венада алты мамлекеттин катышуусунда өтүп жаткан талкууларда 24-ноябрга чейин Ирандын ядролук программасы боюнча тарыхый келишимге жетишүү негизги максат кылынган.

19-ноябрда Лондонго жасаган визити учурунда Керри талкуулардын натыйжасы тууралуу эч нерсе айта албасын билдирди.

Иран тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф маалымат агенттиктерине “келишимге жетишүү экинчи тараптын жакшы ниеттерине көз каранды” экенин айткан.

Иран ядролук программасы боюнча өтүп жаткан талкуулар учурда туңгуюкка кептелип калганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG