Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Жогорку Сот журналистке 5 миң сом айыппул салды


Жогорку Сот бүгүн парламент депутаты Ирина Карамушкинанын арызын карап, "24.kg" маалымат агенттигин жана анын кабарчысы Махинур Ниязованы 5 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин райондук жана шаардык соттор дал ушундай чечим чыгарган.

2012-жылы депутаттын кызматтык унаасынын айдоочусу мас абалында эки кишини коюп кетип, андан бир адам мерт болгон. "24.kg" агенттигинин журналисти Махинур Ниязова унаанын ичинде депутаттын өзү да мас абалында болгонун Ички иштер министрлигиндеги жеке булактарына таянып жазып чыккан. Ирина Карамушкина бул маалыматты четке кагып, өзү жөнүндө жалган сөз таратты деп журналистти сотко берген. (BkA)

XS
SM
MD
LG