Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа акыркы айда 3-5 пайызга өстү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин ички соода секторунун башчысы Кубанычбек Бегалиев билдирди. Анын айтымында, базарларда акыркы апталарда ун, дан азыктарына, күрүч, май жана этке баанын өскөнү байкалган. Мындай кымбаттоону адистер азык-түлүккө дүйнөлүк баанын көтөрүлүшүнө жана сомдун курсунун төмөндөшүнө байланыштырып жатат.
Учурда базарларда жогорку сорттогу бир кап ундун баасы 1800 сомдун тегерегинде болууда. (TSh/BkA)