Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:56

Канжар Кадыралиевди апасы жашырып отурат


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Кылмыш иши козголгон Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиев эч жакка качан жок. Бул тууралуу анын апасы Акдаана Кочкорова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Ал уулуна козголгон кылмыш ишти мыйзамсыз деп санарын, ошондуктан үйүнөн чыгарбай жашырып отурганын айтып чыкты. Кадыралиевге каршы жазган Абдимитал Бекташев да арызын кайтарып алганын кошумчалады.

Буга чейин Өзгөн районунун бир нече тургуну опузалап акча талап кылды деп Канжар Кадыралиевге каршы арыз жазган. Буга байланыштуу Башкы прокуртура ушул апта башында Канжар Кадыралиевге кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кадыралиев тергөөгө келбей койгон. Мындан соң Ош шаардык соту аны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ош шаардык милициясы Кадыралиевге издөө жарыялаган. Милиция кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жерине келбей жатканын, учурда анын кайда экени белгисиз экенин билдирүүдө.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG