Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 22:53

Оштун мурдагы вице-мэрине кылмыш иши козголду


Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Дастан Ходжаевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ал калаада курулуп жаткан эстакадалык көпүрөгө жарандардан топтолгон каражатты мыйзамсыз пайдаланган деп шектелүүдө. Маалыматка ылайык, кылмыш ишин козгоого жарандардан түшкөн арыздар негиз болгон.(SE)

XS
SM
MD
LG