Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Украинада башкаруучу коалиция куралды


Украинада беш партия Жогорку Радада башкаруучу коалиция түзүү тууралуу келишимге кол коюшту. Ага президент Петро Порошенконун блогу, "Элдик майдан", "Самопомощь", радикалдар жана "Батьковщина" партиялары кирди. Маалымат каражаттары кабарлашкандай, коалиция өлкөнүн НАТОго кошулуусун, Орусия оккупациялаган Крымды кайтарууну негизги максат катары белгилешти. Партиялар ошондой эле Европа биримдигине интеграция багытында иш алып барышарын макулдашышты.

Келишимде шайлоо мыйзамдарын реформалоо, депутаттардын кол тийбестигин алуу, советтик жана нацисттик символикаларга тыюу салуу жана башка чаралар каралган. Коалициянын катышуучулары өлкө чыгышында туруктуу аскердик базаларды түзүү жана ИДПнын үч процентин аскерий тармакка жумшоо тууралуу сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG