Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

25-ноябрга карата аба ырайы


24-25-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрөт. 25-ноябрда Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен кар жаайт, кээ бир жерлерде кар катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...-7,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...-7,
Баткенде түнкүсүн -4...+1, күндүз -1...+4,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -10...-15 градус болот.

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз -3…-5 градус болот.

XS
SM
MD
LG