Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Гонконгдо демонстранттар менен полиция кайрадан кагылышты


Полициянын айтымында, каршылык акциясынын 100дөн ашуун катышуучусу кармалды. Бийликтин чатырлар менен тосмолорду тазалоосуна каршы чыккан демонстранттар полиция менен кагылышты.

Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн топ демократиялуу шайлоо эрежелеринин сакталышын талап кылып сентябрь айында Гонконгдун борборуна нааразылык акциясына чыккан. Алар Гонконг администрациясына талапкерлерди тандоо укугунан ажыратпоо талабын коюуда. Ал эми Кытай өкмөтү жогорку административдик кызматка талапкер сунуштоо укугун өзүнө алгысы келет. Гонконг жетекчисин шайлоону 2017-жылы өткөрүү белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG