Кара-Суу районунун Савай айылында 320 орундуу, Учар айылында 275 орундуу эки мектеп ачылды. Мындан сырткары Телман айылында бир бала бакча колдонууга берилгени тууралуу райондун билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Кайондун Савай жана Учар айылындагы эки мектептин имараты эскирип, колдонуудан чыгып калган болчу. Мектептердин курулушуна республикалык казынадан 90 млн. сом коротулган.
Жалпысынан Ош облусунда быйылкы жылдын 1-сентябрынан бери 11 мектеп колдонууга берилген.(YI/ZKo)