Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:31

Жогорку Кеңеш төрагасынын Москвага расмий сапары пландалууда


Кыргызстандын парламент жетекчилигинин Москвага расмий сапары пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 27-ноябрда Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков Санкт-Петербургда Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Мамлекет жана парламент аралык кызматташуунун тегерегинде Бажы биримдиги, кыргызстандык мигранттар, экономикалык долбоорлор сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Соңунда 2015-жылдын жаз мезгилине пландалып жаткан кыргыз парламентинин төрагасынан Орусияга расмий сапарынын тегерегинде пикир алмашуу болду. (RK)

XS
SM
MD
LG