Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Ош: Ак-Тилек - Ак-Буура көпүрөсүнөн унаа өтө албайт


Ош шаарынын Ак-Тилек айылы менен Кара-Суунун Ак-Буура жаӊы конушун байланыштыруучу көпүрө курулуп бүттү.

Бирок Ак-Тилектин 11-көчөсүнүн жашоочулары өз көчөлөрүнөн жаӊы конушка унаа өткөрбөй жатышат. Ошол эле учурда актилектиктер короо-жайга айландырып алган жолдор да ачылбай жатат.

2012-жылы республикалык казына эсебинен курула баштаган көпүрөгө 1,5 млн. сом коротулган. Көпүрө Папан айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Буура жаӊы конушундагы эки миӊдей тургундун Ош шаарына чыгуусун жеӊилдетүү үчүн курулган.(YI)

XS
SM
MD
LG