Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Ошто СПИДге каршы бир айлык акция өтөт


Ош шаарында 1-декабрь СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата СПИД илдетин алдын алуу борбору менен биргеликте бир айлык кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Камчыбек Досматов билдирди.

- Буга байланыштуу СПИДдин кесепети жана анын алдын алуу боюнча Оштогу журналисттер арасында видео, фото сынак жарыяланган. Алардын арасынан мыктылары тандалып, эфир аркылуу коомчулукка таратылып, шаардагы жарнак такталарына илинет. Мектеп окуучулары арасында волейбол боюнча кыздар жана балдар арасында мелдештер өткөрүлөт. Коомдун активдүү мүчөлөрүнүн ортосунда аталган илдеттин алдын алуу боюнча тегерек үстөлдөрдү уюштурабыз. Мунун баары декабрь айында өтөт, - деди Досматов.

Статистика боюнча Ош шаарында 14-28 жаштагы 247 адам ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккан.(МТо)

XS
SM
MD
LG