Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Президент 447 адамга Кыргызстан жарандыгын берди


Кечээ Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.

Жарандык алгандардын басымдуу көпчүлүгүн Өзбекстандан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар түзөт.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жарандыкка кабыл алууга жана андан чыгарууга президент гана укуктуу. Өлкөдө кош жарандуулукка тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG