Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:30

Молдовада бүгүн парламенттик шайлоо өтөт


Шайлоо Молдова бийлигинин болочок багытын аныктап, жарандардын келечегин кайсы дүйнө менен байланыштырууну каалаганын да көрсөтөт. Негизги кармаш Орусия башындагы Бажы биримдиги менен жакындашууну жактаган күчтөр менен Молдованын Европага ыктаган башкаруучу коалициясынын ортосунда болот.

Бажы биримдиги менен жакындашууну жактаган күчтөр шайлоодо утулуп калса, нааразылык акцияларын башташы мүмкүн экени азыртадан эле айтылууда.

Шайлоо алдында БШК "Патрия" партиясын шайлоодон четтеткен. Жогорку Соттун палатасы аталган партияга чет өлкөдөн мыйзамсыз каржыланып турган деген айып такты. Анын лидери, орусиялык ишкер Ренато Усатый Молдовадан чыгып кетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG