Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:12

Кыргызстанда ВИЧ жуктургандар бир айда 100 кишиге өстү


Австралиядагы СПИДге каршы акция. Июль, 2014-жыл.
Австралиядагы СПИДге каршы акция. Июль, 2014-жыл.

2014-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ илдетин алып жүргөн 5692 киши катталды. Октябрда алардын саны 5586 болчу. Оору жуктургандардын арасынан 1029 киши каза тапты. Бул тууралуу республикалык СПИД борборунун төрайымы Үмүткан Чокморова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта ар бир 100 миң кишинин сегизинде ВИЧ бар:

- Оорулуулардын 68% эркектер, 32% аялдар. Илдет жуктуруп алгандардын 30 пайызын Чүй облусунун, 20 пайызын Ош облусунун тургундары түзөт. Басымдуу бөлүгү 20дан 40 жашка чейинкилер. 300гө жакыны балдар.

Дартка чалдыккандардын жарымынан көбү баңгизатын колдонуучулар. Калгандары жыныстык жол менен, ошондой эле энеден балага жана медициналык каражаттардан жуктуруп алгандар.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган.

Жыл сайын 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келет. (SE)

XS
SM
MD
LG