Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Токтакунов өкмөттүн электр энергиясы боюнча жаңы чечимин да сотко берет


Укук коргоочу Нурбек Токтакунов
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов

Бул тууралуу укук коргоочу “Азаттыкка” өзү билдирди. Анын айтымында, өкмөт электр энергиясына болгон жаңы тарифтик саясатты коомдук талкууга койгон эмес.

- Өкмөт мурунку тарифтер сыяктуу эле бул жолу да эл менен макулдашкан жок. Мурдагы жокко чыгарылган тариф саясаты боюнча соттук териштирүүлөр атайын создуктурулуп жатат. Мен жакын арада өкмөттү кайрадан сотко берем, - деди Токтакунов.

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту Нурбек Токтакуновдун арызын канааттандырып, өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Өкмөт болсо өз кезегинде жогорку инстанцияларга доо арыз менен кайрылган.

Өкмөттүн жаңы тариф саясаты боюнча 1-декабрдан тарта айына 700 кВт/саатка чейин сарптагандар 70 тыйындан, андан ашкандар 1 сом 20 тыйындан төлөшөт. Ал эми жылуулук үчүн тариф турак-жайдын аянтына жараша эсептелип, 917 сомдон башталат. Бул мурунку тарифке караганда 28 пайыз кымбат. (UEz)

XS
SM
MD
LG