Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Иран: "Ислам мамлекети" уюмуна сокку урулган жок


Тегерандын жогорку расмий өкүлү Иран “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактагы турумдарына сокку урду деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Бүгүн Пентагондун басма сөз катчысы Ирандын акыркы бир нече күндө Ирактын чыгышына сокку урганынын “белгилери бар” деп айткан.

Атын атабаган ирандык расмий адам АКШ менен бул жаатта кызматташуу туураалуу сөз болушу мүмкүн эмес деп кошумчалады.

Буга чейин Ирандын согуш учактары Ирактын Диала чөлкөмүндө радикал уюмдун объектилерин бутага алышканы тууралуу божомолдор айтылган.

XS
SM
MD
LG