Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Казакстандагы жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза тапты


Акмоло облусунун аймагындагы жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза таап, дагы эки адам жаракат алганын Казакстандын маалымат агенттиктери аталган облустун ички иштер департаментине таянып жазып чыгышты. Жол кырсыгы 3-декабрда Алматы - Екатеринбург жолунун 945-чакырымында болгон. Маалыматка караганда, 35 жаштагы кыргыз жараны "Мицубиси" унаасын айдап баратып, каршылаш багытка чыгып кеткен да, бет маңдай келаткан ушундай эле үлгүдөгү унаа менен кагылышкан.

Натыйжада айдоочу менен кошо бир жүргүнчү кырсык болгон жерде жан берип, жаракат алган дагы бир жүргүнчү Атбасар ооруканасына жаткырылган. Бул кырсык боюнча маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен да "Азаттыкка" тастыкташты.

Ал эми экинчи унааны айдап келаткан жергиликтүү тургун жапа чеккен эмес, бирок анын жанындагы бир жүргүнчү ар кандай жаракат менен ооруканага жаткырылды. Бул жол кырсыгына байланыштуу Казакстандын Кылмыш кодексинин 296-беренеси (Жолдо жүрүү эрежесин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG