Бүгүн парламент депутаттары өлкөгө оң рулдуу автоунааларды киргизүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун 1-окууда көпчүлүк добуш менен колдошту. Эгер аталган мыйзамды парламент кабыл алып, президент кол койсо өлкөгө сырттан кирип жаткан оң рулдуу автоунааларга толугу менен тыюу салынат. Мыйзамды демилгелеп жаткан ИИМ өлкө аймагындагы жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатканын жүйө кармоодо.
ИИМдин маалыматы боюнча, 2010 - 2014-жылдар аралыгында Кыргызстандагы жалпы машинелердин 35 пайызын оң рулдуу автоунаалар түзгөн. (UEz)
Пикирлерди көрүңүз (11)
дагы пикирлерди жүктөө