Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Арменияда ЕАЭБга кошулуу келишими жактырылды


Армения парламенти алдындагы нааразылык. 3-декабрь, 2014-жыл.
Армения парламенти алдындагы нааразылык. 3-декабрь, 2014-жыл.

Өлкө парламентиндеги бүгүнкү добуш берүүдө келишимдин ратификациясын 103 депутат колдоп, жетөө каршы чыкты, бирөөсү калыс болду.

Парламент Армениянын Евразия экономикалык союзуна кошулуусун караган келишимди ушул дүйшөмбүдөн бери талкуулап жаткан.

Оппозициянын ондогон активисттери жана алардын жактоочулары парламент имараты алдына төрт күн бою чогулуп, депутаттарды келишимди четке кагууга үндөштү.

Демонстранттардын пикиринде, Евразия экономикалык союзу өлкөнүн көз карандысыздыгы менен суверенитетине шек келтирет.

Армения союзга кошулуу келишимине Минскидеги саммитте кол койгон. Эми 23-декабрда, Москвадагы саммитте ушундай эле кадамга Кыргызстан да барары күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG