Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Зилзаладан жабыркаган турак жайларга 50 млн. сом бөлүнөт


14-ноябрда Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Тоң районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, турак жайлардын жабыркоо даражасына жараша акчалай жардам берүү каралган. 3-даражадагы жабыркаган турак жай ээлерине 10 миң сомдон, 4-даражадагы үйлөргө 50 миң сомдон грант же 200 миң сомдон пайызсыз ссуда 20 жылдык мөөнөттө берилет.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маалыматында 14-ноябрдагы жер титирөөгө байланыштуу 3700дөн ашуун адамдан арыз келип түшкөн.

Тиешелүү адистер турак жайларды жана социалдык объекттерди текшерип, биринчи даражадан төртүнчү даражага чейин жабыркагандыгына жараша аныкташкан. Мамлекет тарабынан жардамга муктаж 406 турак-жай ээлеринин тизмеси түзүлгөн. (148 турак үй 4-даражада, 258 турак үй 3-даражада) Бүгүнкү күндө ӨКМ адистери жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте изилдөө иштеринин 2-этабын жүргүзүүдө. Бөлүнгөн 50 млн. сомдун 23 миллиону банкка келип түшкөн. 4-даражадагы 147 турак жай ээсине 50 миң сомдон 200 миңге чейин акча берүү тууралуу сертификаттар даярдалган. (ECh)

XS
SM
MD
LG