Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

АКШда полицияга каршы нааразычылык акциялары уланууда


5-ноябрь, жума күнү кечинде АКШнын бир нече шаарларында жаңы каршылык акциялары өттү. Нью-Йоркто демонстранттар тобу ири соода түйүндөрүнүн жанында топтолушту. Айрымдары жерге жата калышып, өлгөн адамдарды туурашты. Мунун айынан автожолдогу кыймыл буулду.

Каршылык акциялары 3-декабрда соттун полиция кызматкери Даниэл Панталеону жоопко тартпоо тууралуу чечиминен кийин кайрадан тутанган. Полициячы мындан төрт ай мурда 43 жаштагы кара терилүү Эрик Гарнерди кармоо учурунда байкоосуздан муунтуп өлтүрүп алган.

Буга чейин АКШда 18 жаштагы афроамерикалык Майкл Браун аттуу куралсыз өспүрүмдү полиция чатак учурунда атып өлтүргөн. Мунун айынан Фергюссон баштаган бир катар ири шаарларда нааразылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG