Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү тазаланды


Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган стратегиялык магистралдагы автокыймыл кайрадан жанданды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 7-декабрда түнкү саат 10:30да жол кар көчкүдөн толук тазаланып бүтүп, ачылды.

Министрлик ошентсе да айдоочуларды зарылчылык болбосо узак жолго чыгуудан карманып турууга, автоунаалардын жолдогу аралыгы 500 метрден кем болбосу зарыл экенин эскертүүдө.

Кечээ Ош-Бишкек унаа жолунун 133-198- чакырымдарында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG