Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

Хэйгел: Ооганстандагы миссия Ирактагыдан бөлөк


Пентагондун башчысы Чак Хэйгел 7-декабрда Ооганстандын Жалалабад шаарынын жанындагы аскерий базада сүйлөп жатып алардын Ооганстандагы миссиясы Ирактагыдан башка экенин айтты:

- Ооганстандагы абал такыр бөлөк. Муну баарыңар түшүнөсүңөр. Көбүңөр Иракта кызмат өтөгөнсүңөр. Ал жакта баштагансыңар. Албетте, кээ бир окшоштуктар бар... Ирак союздашыбыз болчу... Акыр аягында ар бир өлкө өз болочогу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуусу керек.

Хэйгел америкалык жана польшалык солдаттар менен кездешүүдө Ооганстанда 12,5 миң гана америкалык жоокердин калтырылышы талибдерге каршы күрөштөгү прогрессти улантууга жолтоо болбойт деп да кошумчалады.

Бул өткөн айда Коргоо министрлигинен кетээри жарыяланган Хэйгелдин Ооганстандагы акыркы сапары. Президент Обама анын ордуна коргоо министринин мурдагы орун басары Эштон Картерди сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG