Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Олимпиадалык оюндарга спорттун жаңы түрлөрү кошулат


Эл аралык олимипиада комитети (IOC) Кышкы жана Жайкы Олимипиадага спорттун жаңы түрлөрүн киргизүү, бирок мелдешке катышкан спортсмендердин санын чектөө үчүн добуш берди. Комитет төрагасы Томас Бах сунуш кылган реформага ылайык, 2020-жылкы Токиодогу оюндарга байсболл, софтболл, сквош же карате кириши мүмкүн. 2012-жылы Лондондо болгон Олимпиадада спорттун 26 түрү боюнча мелдеш өткөн. Болочокто жайкы Олимпиада мелдешке чыккан спортчулардын саны 10 500дөн ашпоого жана жалпы мелдештер 310дон көп болбоого тийиш. Ал эми кышкы Олимпиадага катышкан спорсмендердин саны эң көп дегенде 2900 болууга тийиш.

Эл аралык олимипиада комитети Олимпиадага өлкөлөрдүн катышуусун арзаныраак кылуу үчүн да добуш берди.

XS
SM
MD
LG