Украина чыгышындагы жикчилдердин жана украин армиясынын лидерлери Минскиде тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө даяр экенин билдиришти. Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Андрей Лысенко да Киев сентябрь айында Минскиде макулдашылган ок атууну токтотуу боюнча келишимди кайра талкуулого даярдыгын билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүү 9-декабрга белгиленүүдө.
Москва да Украина, Орусия, жикчилдер жана ЕККУнун катышуусу менен боло турган сүйлөшүүнү колдоорун билдирди.
Жикчилер жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” лидери Денис Пушилин сүйлөшүүгө даяр экенин айтып, бирок ал качан болорун тактаган жок.
Украина парламенти 9-декабрдагы жолугушууга макулдук бергенин президент Петро Порошенко ырастады.