Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

"Манас" аэропортунун мурдагы жетекчилиги жемкордукка шектелүүдө


"Манас" эл аралык аэропортун эки жыл мурда башкарып турган жетекчиликтин ишине байланыштуу кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

2012-жылдын декабрь айында аэропорттун унаа токтоочу жайына түстүү рекламалык монитор 25 миллион сомго сатылып алынган. Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы текшерүү жүргүзгөндө мындай мониторду ошол кезде бир кыйла арзан сатып алса болмок экени аныкталды.

Атайын кызмат бул сатып алуу менен мамлекетке 6 миллион сом чыгым келтирилген деп эсептеп, тиешелүү материалдарды Башкы прокуратурага жөнөткөн. Анын негизинде Кылмыш кодексинин "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" деген беренелери боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды.

"Манас" эл аралык аэропортунун акцияларынын 79% мамлекетке таандык.

2012-жылы аэропортту Эрик Шайдинов жетектеп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG