Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Көчмөндөр оюнун өткөрүүдөгү жемкордук боюнча иш козголду


Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз пайдалануу боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны өткөрүүдө Ысык-Көлдөгү Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданды оңдоо үчүн өкмөт 72 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн. Бул үчүн Дене тарбия жана спорт комитети «Темир Канат» ишканасы менен келишим түзгөн. Бирок оюн бүткөн соң ат майданды оңдоо учурунда 11 миллион сомдон ашык каражат максатка ылайык пайдаланылбаганы дайын болгон.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “ Ишенип берилген мүлктү өз кызыкчылыгына пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG