11-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -9...-14, түндүгүндө -17...-22, күндүз -2...+3, түндүгүндө -2...-7,
Таласта түнкүсүн -14...-19, күндүз -4...+1,
Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...5,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -10...-15 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1…+1 градус болот.