Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Ысык-Көлдөгү зилзаладан жабыркагандарга 50 миллион сом жардам берилди


14-ноябрдагы Ысык-Көлдөгү зилзаладан жабыркагандарга бюджеттен 50 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Анын айтымында, өткөн ишембиде зилзаладан үй-жайы жабыр тарткан 400дөн ашык адамга сертификаттар берилди.

Мамлекет тарабынан үчүнчү даражада жабыркаган үйлөргө 10 миң сомдон, төртүнчү даражадагы турак жайларга 50 миң сомдон кайтарымсыз грант же 200 миң сомдон 20 жылга чейин пайызсыз ссуда түрүндө акчалай жардамдар берилет.

14-ноябрда Ысык-Көл облусунун аймагындагы күчү жети баллга жеткен зилзаланын кесепетинен үч миңден ашуун жеке турак жай жана социалдык объекттер жабыркаган. Анын ичинен 400дөн ашуун турак жай жарактан чыккандыктан мамлекеттин каржылык жардамына муктаж болууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG