Маалымат агенттиктеринин кабарлоосуна ылайык, Стамбулда өзбек имамы, оппозиционер, радикал исламчыл деп эсептелген Шейх Абдулла Бухоровду атып кетишти.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматы боюнча, Шейх Абдулла Бухоровго шаардын Зейтинбурун районундагы үйүнүн маңдайында ок тийип, көп өтпөй эле ооруканада көз жумган.
Имам Өзбекстандын Анжиян облусунда туулаган, 38 жашта. Ал 10 жыл мурда өз өлкөсүнөн Стамбулга келип медресе ачкан. Бухоров Түркияда сегиз диний мектепти башкарып келгени да айтылып жүрөт.
Октябрь айында Бухоров "Өзбекстан анын шериктерин кугунтуктап, өзүн издеп жатканын" билдирген. Ал ачыктан ачык Сирия президенти Башар Асадга каршы согушуп жаткан исламчы согушкерлерди жактап келген.