Бүгүн 14-декабрда Жапонияда парламенттин төмөнкү палатасы үчүн шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги 475 орунга 1191 адам ат салышууда.
Мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү үчүн премьер-министр Синдзо Абэ чечим кабыл алган. Ал азыр башкарып турган Либерал-демократиялык партияга көпчүлүк добуш бербесе, кызматтан кетерин билдирген.
Абэ эки жыл мурун өлкөнүн экономикасын жогорку көрсөткүчкө жеткирерин билдирген эле. Бирок апрель айындагы сатуудагы салыктын жети-сегиз пайызга көтөрүлүшү, экономиканын төмөндөшүнө алып келген. Экономиканын төмөндөшүн токтотууну убада кылган премьер-министр мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү үчүн парламентти таркатуу чечимин чыгарган. (TSh)