Бүгүн Казакстан эгемендик майрамын белгилөөдө. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаевди куттуктады.
Анда Кыргызстан эл аралык аренада өз орду бар Казакстандын ийгиликтерин жана жетишкендиктерин кубануу менен кабыл алары жазылган. “Кыргызстан менен Казакстандын достугу, биримдиги жана стратегиялык өнөктөш мамилеси мындан ары да эки боордош элдин жыргалчылыгы үчүн тереңдейт деп ишенем”, - деп жазылат президенттин куттуктоо телеграммасында.
Атамбаев муну менен катар казак президентине ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгилик каалаган. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
СССР курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Казакстан эң акыркы болуп, 1991-жылдын 16-декабрында көз карандысыздык тууралуу чечим кабыл алган. 16-17-декабрь күндөрү Казакстанда расмий түрдө эгемендик күнү деп жарыяланган. (КЕ)