Бүгүн Бишкектеги Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде залкар
манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган “Улуу манасчы” көчмө көргөзмөсү ачылды.
Ага Борбордук архивден, китепканалардан, интернеттен алынган даректүү фото сүрөттөр жана манасчыга байланышкан тарыхый документтер коюлду. 200 экспонаттан турган көргөзмөнүн 150сү фото документтер. Аталган иш-чара манасчынын быйыл жыйынтыкталып бараткан 120 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Көргөзмө үй-музейде бир айга чейин уланат.(ZA)