Окуя бүгүн Гильменд провинциясынын борбору Лашкаргах шаарында болду. Дарыгерлер билдиришкендей, Талибандын жанкечтилеринин кол салуусунан он киши каза тапкандан тышкары, он беш адам жаракат алган.
Каза тапкандардын үчөөсү полиция кызматкери.
Жергиликтүү полициянын маалыматына караганда, жанкечтилердин бир даары “Кабул” банкынын кире беришинде өзүн жардыргандан кийин жанкечтинин курун тагынган дагы үч согушкер чабуулга өткөн.
Коопсуздук күчтөрү менен атышуу бир нече саатка созулду.
“Кабул” банктын качып чыгууга үлгүрүп, аман калган кызматкеринин айтымында, талиптер кол салган кезде өкмөттүк мекемелердин бир нече өкүлдөрү айлыктарын алып жаткан. (UE)